Бүгүн, 6-сентябрда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында аба күрөшү, кыргыз күрөшү, көк бөрү ат чабыш сыяктуу спорт түрлөрүнөн медалдар ойнотулду. Ошондой эле алыш күрөшү боюнча мелдештерге катыша турган спортчулар таразага түшүштү.
Көк бөрү боюнча болсо тайпалардын жыйынтыктоочу оюндары орун алды. Жыйынтыгында финалдык беттеште казакстандык улакчылар менен биздин жоон билек улакчыларыбыз кармашмакчы.
6-сентябрга карата алдынкы бешинчи орунду ээлеп турган мамлекеттердин тизмеси төмөнкүчө:
1-орун. Орусия – 14 медаль (10 алтын, 2 күмүш, 2 коло)
2-орун. Кыргыз Республикасы – 33 медаль (6 алтын, 12 күмүш, 15 коло)
3-орун. Казакстан - 14 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 6 коло)
4-орун. Азербайжан – 9 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 2 коло)
5-орун. Грузия - 3 медаль (2 алтын, 1 күмүш).
P.S. Командаларды орундарга жайгаштырууда медалдардын жалпы санына эмес, алтын медалдардын санына маани берилет.