Москвада Кыргыз өлкөсүнүн 14 жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча айыпталган басмакана жетекчиси 2 айга камакка алынды

Москвада Кыргыз өлкөсүнүн 14 жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча айыпталган басмакана жетекчиси 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Москва шаарынын Останкинский райондук соту чыгарган. Ага ылайык, "Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин 2 ай камакта болот. Бул убакыт аралыгында тергөө иштери жүрөт.

Айта кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам “Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Азырынча Антон Яцковдун кайда экени белгисиз. Ал эми Сергей Москвин күнөөсүн мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Rifle_S
2016-09-07 09:10:26
2 ай элеби ?
Теңсинбеди окшойт бизди.
0
suluktinskiy
2016-09-07 09:18:08
Rifle_S,эки ай тергоо иштери буткончо камакта болот. Анан эки айдан кийин соттолот.
+2
souza.j
2016-09-07 09:13:52
Кандай жаза колдонсо деле 14нун бироосу кайра жаралбайт го чиркин. Алдын алса болмок да.
+2
talant87
2016-09-07 09:19:21
тергоо буткучо 2ай кармалса сот чечим чыгарат анан айтат мынча ай же жыл
+1
Revolyutsiya
2016-09-07 10:59:38
Орустардан адилеттуулук кутуп кереги жок. Менин тушунушум боюнча 3 кызга (аялга) компенсация толоп бериптир, алар тиги 3 орус аял болсо керек деп ойлоп жатам. Андан сырткары 14 кыз-келиндин 2 гана мыйзамдуу (менимче эмгек келишими менен) иштечу экен, ошондо 12 кыз-келинге компенсация толоодон качып жаткан болобу?! Алар менен эмгек келишимин тузууну жогорудагы ишкана кожоюнуну каалабаса, башка жерде мусапыр болуп жургон мигранттар кантип талап кыла алат?! Айтса "тигине чон кочо" дейт...
+1
Sara07
2016-09-07 13:27:03
Билбейм ,соттолуп ,камалып кетишине ишене албай турам. Озубуздуку деп " паланча жылга кесилди " деп,же штраф толотумуш болуп бошотуп жиберишет.
0
Riman.arn
2016-09-07 14:32:33
откон иш отту каматып эмне кылат ал олтургон жокда
0
erlist
2016-09-07 23:33:10
14 но тен компенцация толоп берсин деш керек аны каматкан мн эч пайда жок болоор иш болду туугандары айткан сумманы толоп берсин керек болсо ошо кыздардын аркасынан орустар байып атышат зарплатты аз толошуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан