Караколдо тыюу салынган диний-экстремистик уюмдун мүчөлөрү кармалышты
Ысык-Көл облустук милиция кызматкерлери жана УКМКнын аймактык кызматкерлери тарабынан 10-ноябрь күнү Каракол шаарында диний чагымчылыкты күчөткөн 2 жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кармалган 43 жана 45 жаштагы жарандар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний экстремисстик уюмдун мүчөлөрү болушкан. Иликтөө иштеринде аталган диний экстремисттик уюмдун жазуулары, видеолору жазылган флешкарта, компьютер, баракчалар табылган.