УКМКнын кызматкерлери 2 милиция кызматкерин кармоо учурунда асманга ок чыгарышты
Бишкекте УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Свердлов РИИБинин кызматкерлери Эркин Мамбеталиев менен Тилек Сарбашев пара алды деп шектелип кармалды. Окуя 12-апрель күнү саат 19:00 чамасында, шаардагы Элебаев-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, кылмышка шектүүлөргө карата курал колдонуп, асманга ок чыгарууга туура келген. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнүн айтымында, кылмыштын бетин ачуу учурунда аталган милиция кызматкерлери каршылык көрсөтүшкөн, ошол учурда ок атууга туура келген. Окуя болгон жерге дароо Свердлов РИИБинин жооптуу адамдары жана Бишкек шаардык ИИББинин башчысы Мелис Турганбаев барган. Окуя боюнча ИИМ 2 милиция кызматкери пара алганын ырастады, бирок иш-чара учурунда УКМКнын өкүлдөрү куралды мыйзамсыз колдонгонун билдирүүдө. Жабырлануучулар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
УКМК менен Свердлов РИИбнин ортосундагы болгон окуя уят эле, УКМК эки сотруднигин кабинеттерине киргизип алып, светин очуруп окюп сабап коюшкан, уят корунуш ммына пара алганы аз келгенсип и еще УКМКнын сотрундниктерин сабап, куноосун далилдеп жатат, уят уят.
0
Xamer
2013-04-13 09:55:01
Бул биздин куч органдардын денгээли Мелис мырза озундой кылып уйротсо керек да, силы есть, ума не надо дегендей...
0
m_312
2013-04-20 11:19:07
Бирин кайын бирин тал бирин олуп бирин кал дегендей элдерге орнок болгондун оордунда бириндин артынды бирин ачып мышык чычкандай кубалашкан туура эмес . УКМКАнын кызматкерлерида милиция кызмат керлерида паракорчулукка мойнунан батканын эл билет . Озунорду иштеген адамдай коргозбогуло . Жылына бир же эки чон кылмыштын бетин ачымыш болосунар ошону м/н токтойсунар . Силердида жогорудагы атка минерлердида санын азайтып сапатын кобойтуш керек . Силер бар экен кыргыздын аты алаамга караланып жатат рах
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.