Бишкекте милиция кызматкерлери менен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ортосундагы жаңжалдан жабыркаган УКМКнын өкүлү ооруканага жеткирилди. Эске сала кетсек, 12-апрель күнү кечинде аталган кызматтын өкүлдөрү пара алды деген шек менен Бишкектин Свердлов РИИБинин 2 кызматкерин кармашкан. Окуя каршылык көрсөтүү жана асманга ок чыгаруу менен коштолгон. Андан соң шектелген милиция кызматкеринин биринин иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүү башталган. Ошол учурда эки тараптын ортосунда түшүнбөстүк чыгып бөлмө ичиндеги жарык өчүрүлүп, тинтүү жүргүзүп жаткан Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын бир нече кызматкери ошол жерден токмоктолушкан. Маалыматтар боюнча окуядан УКМКнын ыкчам иликтөө бөлүмүнүн башчысы ооруканага жеткирилип, дагы эки өкүл ар кандай жаракат алышты.