Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3 жана Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарында экиден өрт кырсыгы катталган.
Кечээ Бишкектеги 8-кичи райондо көп кабаттуу үйдүн 1-кабатындагы наабайкана өрттөнгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.