ӨКМ: "Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу жогорулайт"
14-апрелден 18-апрелге чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогорулай турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Буга жаан-чачын, абанын температурасынын жогорулашы жана мөңгүлөрдүн тез эриши себеп болуп, дарыялардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. ӨКМ 15-16-апрелде аба ырайы кескин өзгөрүлүп, өлкө боюнча мезгил-мезгили менен жаан-чачын, тоолордо кар жаашы күтүлүп жатканын эскертет. Ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облустарында үшүк жүрүшү мүмкүн.