Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелип кармалгандар тергөө бүткөнчө камакта болушат. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган. Ага ылайык, жардырууга шектелип кармалгандар тергөө бүткөнчө камакта болушат.
Айта кетсек, кечээ УКМК Кытай элчилигинде өзүн жардырган жан кечтинин жана аны уюштургандардын атын атап, кылмышка шектүү катары 5 адам кармалганын билдирген.