Жети-Өгүз районунда селден улам келтирилген материалдык чыгым 140 миң сомду түздү

Жети-Өгүз районунда селден улам келтирилген материалдык чыгым 140 миң сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында аталган райондун Светлая Поляна айыл аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрсө, ошол эле аймакта 5-сентябрь күнү да кайрадан сел жүргөн. Натыйжада Э.Тотубаевдин короо-сарайын сел каптап 100 түп алмурут зыянга учураган. Ошондой эле №35-Жол тейлөө ишканасынын карамагындагы көпүрө жараксыз абалга келген. Учурда аталган айыл аймакта селден улам зыянга учураган суу түтүгүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматка караганда, табигый кырсык 140 миң сом материалдык зыян алып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан