Оштогу демилгечилер тобу Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы Жогорку Кеңешке кат жолдоду

Оштогу демилгечилер тобу Жогорку Кеңештеги Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган айрым депутаттарды артка чакырууну демилгелеп жатат. Алар бул тууралуу өлкөнүн парламентине жазган катында ачык билдирип, жалпыга маалымдоо каражаттарына таратышты. Бул тууралуу "24.kg" басылмасы бүгүн, 7-сентябрда жазып чыкты.

Мындай демилге Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү демилгесин талкуулоо үчүн Ошто уюштурулган тегерек столдо кабыл алынганы айтылган. Активисттер Жогорку Кеңештен тышкары акыйкатчы Кубат Оторбаевге да кат жолдошкон.

Акыйкатчыдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасына кайрылып, Баш мыйзамга киргизилчү түзөтүүлөр канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин аныктап берүүнү талап кылышууда. Ошондой эле 2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган "КРнын Конституциясынын күчүнө кирүү" жөнүндөгү мыйзамга Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр туура келеби, бул тууралуу дагы чечимди угузуу талабы коюлуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
keba300989
2016-09-07 17:14:46
ушул Конституцияны кандай болуп кайсыл жерлери өзгөрүп жатканын кайдан билсек болот, ошого карап карапайым эл да өз добушун берет беле деген ой кэлди. super.kg Каяктан окусак болот.
+1
Artyr1994
2016-09-07 17:19:18
Озгортсо бир бале болот точно.
-4
Arslan12
2016-09-07 17:34:03
Кайсыл жерин озгортконун талкууга койбой жатышпайбы, аз убакыт калганда ооба же жок деп добуш беребиз, анан 99%менен отуп кетет да жаны конституция менен жашап калабыз!
+2
anyaza
2016-09-07 18:11:33
Конституцияны озгортушсо деле жашоо жакшы жагына озгорбойт.Мамлекетибизди,жашообузду жакшы жакка озгортуу учун Баш мыйзамды эмес аткаруу бийлигиндегилерди жаны жаш кесипкойлорго озгортуу керек
0
kubat_73
2016-09-07 19:21:32
Канчалык каршы чыгып зарласак да бийлик бар жерде зордук бар демекчи зордукка салса да отот бул иш
0
Bahira
2016-09-07 22:21:48
ХХХ ХХХ ХХХ Жомок айткандай эле айтып койдум окшойт а
-1
admin_portal
2016-09-08 10:46:32
Bahira, провокациялык билдирүүлөргө тыюу салынат! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан