2013-жылдын 2 айында мигранттар Кыргызстанга 271 миллион доллар которушту

2013-жылдын алгачкы 2 айында чет өлкөдөгү эмгек мигранттары Кыргызстанга 271 миллион доллар которушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, январь-февраль айларында жеке жактардын банк системи аркылуу жөнөткөн каражаттары 2012-жылга салыштырмалуу 22,6 пайызга жогорулаган. Ошондой эле которулган акчанын 97 пайызы Орусиядан салынганы белгилүү болду. 

Расмий маалыматтар боюнча чет жерде жүргөн эмгек мигранттары жыл сайын өлкөгө 2 миллиард доллар которушат. Сыртта 1 миллиондон ашык кыргызстандык жаран бар экендиги айтылып келет.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан