Ысык-Ата районундагы Социалдык фонд башкармалыгынын кызмат адамы пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган Социалдык фонддун кызматы адамы “Р.Э.А.” ишканасынын башкы директорунан пара талап кылып, ал үчүн ишкананы жабуу жана эсеп-кысап тапшырууда оң чечим чыгарып берүүнү убадалаган.
Бүгүн Ысык-Ата районундагы Социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары И.Т. 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.