Москвада 20 тоннадан ашуун грек салаты жасалып, рекорд коюлду (сүрөттөр)

Орусиянын Москва шаарындагы Кызыл аянтта 4-сентябрь күнү "Спасская башня" фестивалынын алкагында 20 тоннадан ашуун (20 тонна 100 килограмм) грек салаты жасалып, "Гиннесстин рекорддор китебине" катталган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта салатка 7 тонна бадыраң, помидор, 2 тонна зайтун, сыр, 1 тоннадан пияз жана зайтун майы керектелгени айтылат. Керектүү азык-түлүктөрдү тууроого медициналык маалымат кагазы бар 1000ден ашуун ыктыярчылар жардам беришкен. Атайын чакаларга тууралган азык-түлүктөр жүк жүктөөчү унаанын кузовуна төгүлгөн. Салаттын салмагын тартып көргөн соң "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрү фестивалдын уюштуруучуларына жетишкендик рекорддор китебине катталгандыгы жөнүндө сертификатты тапшырышкан.

Рекорд расмий түрдө катталган соң, бүт бойдон целлофанга оронгон үч жигит кузовго түшүп, күрөктөр менен салатты чакаларга салып көрүүчүлөргө жана катышуучуларга узатышкан. Салаттын бир бөлүгү атайын уюмдарга таратылган. Ал эми салаттын калган бөлүгүн фестивалдын миңдеген катышуучулары, коноктор 20 мүнөттө жеп салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
salimbek87.kg
2016-09-08 09:33:00
М.м мынча соонун коруп туруп апитит кыйкырып кеттигоо.
+5
Abdurahman
2016-09-08 09:55:58
Орус оюндагысын кылат дегендей болуптур да
0
Sirduusezim
2016-09-08 13:18:23
Abdurahman, ообада галдирлар шакарап эле эн жонокой онойда
-1
tuigan.
2016-09-08 10:23:09
Эми ысырап кылбай жеп туготкуло
-1
Kroxa
2016-09-08 11:02:29
tuigan.,коноктор менен катышуучулар 20 минутта жеп туготушкон деп туратго...
+1
tuigan.
2016-09-08 11:08:57
Kroxa,чынын айтсам толук окуган эмесмин.рахмат айтканына)))
+2
Patriot..kg
2016-09-08 11:37:50
Шакарап ко
0
Aibek.nur.8597
2016-09-08 13:59:29
Оол ешектер бекерчиликтен ар нерсе кылышат да булар
0
papanstan
2016-09-08 15:13:08
Aibek.nur.8597,хаха Жардын го чиркин
0
jamilya03
2016-09-08 16:14:20
Ошого Ашанга барып памидорсуз гелдим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан