Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 11-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Белгилей кетсек, жолугушуу Санкт-Петербург шаарында КМШ, ЕврАзЭШ жана ЖККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйындарынын алкагында өттү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө бардык тармактарда эки өлкөнүн кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн келечеги, Орусиянын аймагына кыргызстандык эмгек мигранттарынын иштөө шарттарын жөнөкөйлөштүрүү максатында мыйзамдарды өркүндөтүү жаатында пикир алышты.
Жээнбеков өз сөзүндө 2012-жылдын аягында өлкөлөр ортосундагы жогорку деңгээлде жетишилген келишимдер парламенттердин активдүү көмөктөшүүсү менен турмушка ашырыларына ишенерин белгиледи. “Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан туруктуулук жолуна түштү, биз өнөктөш өлкөлөр менен кызматташууну активдештиребиз деп эсептеп жатабыз”,- деди төрага. Ал эми Нарышкин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу “жол картасын” тезинен иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, Орусия тараптын бул процессте Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. “Кыргызстанда кырдаал турукташууда, мында биз сиздердин президентиңиздердин жана парламентиңиздердин негизги ролун көрүп турабыз”,- деди Нарышкин. Ошондой эле ал Кыргызстанга болгон чакырууну кабыл алып, 2013-жылдын экинчи жарымында иш сапары менен келип кетерин айтты.