Ошто 60 жаштагы тургундун үйүнөн 18 килограммдан ашык баңгизат табылды

Ош шаарында 60 жаштагы тургундун үйү текшерүүгө алынып, 18 килограммдан ашык баңгизат табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдары тарабынан Ош шаарынын 60 жаштагы тургуну кармалган. Ал баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айыпталып жатат. Анын турак үйүн текшерүүгө алган учурда 5 килограмм 290 грамм героин жана 12 килограмм 846 грамм апийим табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaiMak
2016-09-08 12:28:14
ббазар жок го... Карыганда жонле журбойбу кок чайын ичиипле
+2
Khabib
2016-09-08 13:42:36
оштун баригасы болсо керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан