Бишкекте эки унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-сентябрга караган түнү Власов көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, 40 чарчы метр сарай жана ВАЗ-2104 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.
Ал эми экинчи унаанын өрттөнүп жатканы боюнча маалымат бүгүн таңга маал келип түшкөн. Анда Юнусалиев көчөсүндө Мазда-323 үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Кырсыктын келип чыгышына электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.