Бишкекте шаар тургунунан жалпы баасы 559 миң сомдук товар алып, акчасын бербей жүргөн аял кармалды

Бишкекте шаар тургунунан жалпы баасы 559 миң сомдук товар алып, акчасын бербей жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 39 жаштагы К.С. аттуу жашоочусу чала таанышы 559 миң сомдук товарды алып, акчасын бербей качып кеткени тууралуу арыз менен кайрылган.

"Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин негизинде Бишкек шаарынын тургуну, 39 жаштагы К.В. аттуу аял кармалган. Кармалган адам учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurka_85
2016-09-08 14:19:59
Чала тааныш адамга кантип карыз 559000 ди берди?
+2
munar79
2016-09-08 14:31:30
Азыр озуно озун ишенбесен танышынада ишенич жок .
+1
Baatur7777
2016-09-08 20:36:18
Азыркы заманда бир козун бир козуно жоо,озуно сак бол деген кеп бар го...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан