12-апрелде өткөн өкмөттүн кеңейтилген жыйынында КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов 2012-2014-жылдары КРнын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын аткарылышы тууралуу маалымат берди. Анда стратегиянын негизги максаты - оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө жана балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, улгайган жарандарга багытталганы жана калкты социалдык коргоонун натыйжалуу жана адилеттүү системин мындан ары жакшыртуу жана өнүктүрүү экендиги айтылды. “Стратегияда жалпысынан 3 жылга каралган 136 тапшырма бар. Анын ичинен 2012-жылы аткарылууга тийиш болгон тапшырмалардын көлөмү 111 же 81,6 пайызын түзөт. Стратегияны турмушка ашыруу боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы - иш-чаралардын планы 64 пайызга, негизги индикаторлор боюнча максаттуу көрсөткүчтөр 27 пайызга, негизги мыйзамдык демилгелердин тизмеси 50 пайызга аткарылган”,- деди министр.
Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин олуттуу тартыштыгы, 2012-жыл ичинде болуп өткөн мамлекеттик башкаруу органдарынын арасындагы ич ара түзүмдүк жана функционалдык өзгөрүүлөр жана штаттык кыскартуулардын таасири белгиленди. Социалдык коргоо тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысынын аздыгы, кадрлардын жетишсиздиги, иш-чаралардын айрым тапшырмаларынын КРнын учурдагы мыйзамдарына төп келбегендиги иш-чараларды аткарууга терс таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи Кылычбек Султанов.