Кылычбек Султанов: "Социалдык коргоо тармагында иштегендердин айлыгы өтө аз"

"Социалдык коргоо тармагында иштеген кызматкерлердин айлыгы өтө аз". Бул сөздү өкмөттүн 12-апрелдеги кеңейтилген жыйынында КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов айтты. “Райондук баскычтагы жетектөөчү адистин айлык маянасы болгону 2880 сом, башкы адистин айлыгы 3360 сом, бөлүм башчыныкы 5280 сомду түзөт. Ушундан улам 2012-жылдын экинчи жарымында райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарында 430дан ашык кызматкер иштен өз арызы менен кетип калган”,- деди министр. Кылычбек Султанов 3 жылдын ичинде Социалдык өнүктүрүү министрлигинин башчысы 9 жолу, ал эми 2012-жылы 3 жолу алмашканын белгиледи. “Бүгүнкү күндө министрликтин түзүлүшү дагы оптимизациялоону талап кылууда. Бул жаатта азыркы учурда бир катар иштер пландаштырылып жатат”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан