Жол кырсыгынан улам жабылган Бишкек-Ош унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, абалды жөнгө салуу үчүн Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 самосвал жана 9 куткаруучу тартылып, унаа жолу калыбына келтирилди.
Айта кетсек, кырсык бүгүн саат 08:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 402-чакырымында болгон. Анда оор жүк ташуучу Хово жана Ман үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен жолго мазут төгүлүп, эки айдоочу жабыркаган. Ошондой эле жол каттамы жабылган болчу.
Мазут – нефтиден креосин, бензин жана газолин чыгарылгандан кийин калган күрөң-көгүш түстөгү суюктук.