Токтогулда Кызыл китепке кирген күрөң аюунун терисин жана этин алып жүргөндөр кармалышты

Токтогул районунда Кызыл китепке кирген күрөң аюунун терисин жана этин алып жүргөндөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул районунда аталган инспекциянын инспекторлору атайын рейд уюштурушкан.

"Жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында Кызыл китепке кирген күрөң аюунун териси жана этин алып жүргөн жергиликтүү тургундар кармалышкан. Бул аюулар мамлекет тараптан коргоого алынып, тузак салуу, капкан коюу сыяктуу аңчылыктарга тыюу салынган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, өлкөдө 300 баш Тянь-Шань күрөң аюусу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
akmatov99
2016-09-08 16:31:28
Мыйзамга ылайык жаза беришсин. Болбосо кайталана берет
+5
Sirduusezim
2016-09-08 16:31:40
299 калыптыргоо дагы алтын баштары аман болушса кобойушот да
+8
Revolyutsiya
2016-09-08 21:17:10
Sirduusezim, сага окшоп кылмышкер-браконьерлердин тарабын алып отура берсек 2-3 жылда 299дан 90у да калбайт...
-2
Patriot..kg
2016-09-08 16:48:59
Ушундайларга катуу жаза бериш керек да озучу
+2
Aygir
2016-09-08 17:33:44
Аткандарды бир көзун мн сөөмөй манжасын жок кылыш керек.
+3
Baatur7777
2016-09-08 20:33:22
Азаматтар!!! Ашынган мергенчилерди мыйзам чегинде жазалаш керек,андан коро карышкыр чоолорду атышса жакшы болмок элге дагы озуно дагы
+3
DNurgiza
2016-09-08 20:41:38
кармаганы жакшы болгон экен...бирок рейд жүргөнү калп ко, бирөөлөр эле сатып коюшту да.
+3
izdeim_seni
2016-09-09 11:11:44
Минтип мекенибиздин байлгына кыянаттык кылып,кол салгандарды түрмөгө камамак түгүл,өлтүрүп салса ичим ачышпайт эле.Деги эле,мындай токчулук заманда аңчылык,мергенчилик кылуу акылга сыйбагандык.
0
Kroxa
2016-09-11 16:19:58
Мыйзамдын негизинде жазалансын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан