Кант шаарында “унаанын ичинен акча уурдаган” деп шектелген жаран кармалды

Кант шаарында “унаанын ичинен акча уурдаган” деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кант шаарынын 26 жаштагы Д.Г. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 2-сентябрь күнү белгисиз адам унаасындагы 3500 сом акчасын уурдап кеткенин билдирген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы П.И. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан