Мамлекеттик казынага 10 миллион сом зыян алып келген жаранга кылмыш иши козголду

12-ноябрь күнү УКМКнын кызматкерлери тарабынан Нарын бажы кызматкерлерине жана Акылбек Кубан уулуна кылмыш иши козголду. 1991-жылы туулган Акылбек Кубан уулу 2011-жылдын октябрь жана декабрь айынын арасында Кытайдан Кыргызстанга 77 миллион сомго товар алып келип, салык акысын төлөгөн эмес. Жыйынтыгында мамлекеттик казынага 10 миллион 39 миң сом зыян келтирилгендиктен, Кылмыш кодексинин 212 (Чоң суммадагы салык акысын четтетүү) жана 304 (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) беренелери менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан