"КРнын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү Стратегиясын" ишке ашырууга 2013-жылга 6 миллиард 934 миллион сом бөлүндү

"КРнын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү Стратегиясын" ишке ашырууга 2012-жылга 6 миллиард 454 миллион сом, 2013-жылга 8 миллиард 575 миллион сом, ал эми 2014-жылга 11 миллиард 204 миллион сом бөлүү каралган. Бул маалыматты 12-апрелде өкмөттүн кеңейтилген жыйынында КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов билдирди. Анын айтымында, иш жүзүндө жогоруда каралган суммадан аз каражат бөлүнүүдө. "2012-жылга 5 миллиард 637 миллион сом бөлүндү, дефицит 817 миллион сом, 2013-жылдын бюджети менен 6 миллиард 934 миллион сом бекитилди, дефицит 1 миллиард 641 миллион сом, ал эми 2014-жылга контролдук сан Каржы министрлиги тарабынан 6 миллиард 146 миллион сом берилди, дефицит 5 миллиард 58 миллион сом",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан