Чычкан жана Чаткал дарыяларына агып кеткен айдоочулар дале табыла элек

Чычкан жана Чаткал дарыяларына агып кеткен айдоочуларды издөө үчүн кошумча күч тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

14-июль күнү саат 06:30 чамасында Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп, айдоочу агып кеткен. Буга чейин издөө иштерин Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүп келишкен. Кошумча күч катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан кошумча 7 куткаруучу тартылды.

Ошондой эле Чаткал районунда 6-сентябрь күнү саат 06:00 чамасында Мицубиси Делика унаасы Чаткал дарыясына түшүп, айдоочусу агып кеткен. Издөө аймагын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 8 куткаруучу жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Emu-Janyl
2016-09-09 09:31:33
2 айдан кийин кошумча куч жибердик дегени эмнеси?
0
gulnaz09
2016-09-09 10:03:48
Emu-Janyl,ошода буларга озулору аман болсо эле болдуда
0
jamakeev2015
2016-09-09 10:06:13
Тиги дуйнодон издешет бекен не?убагында жибербейби
0
-NURIK-
2016-09-11 11:02:51
Жаман иш болуптур өкүнүчтүү
0
Kroxa
2016-09-11 15:35:37
2 айдан кийин табылаары аныкпы???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан