Бишкекте жол тосуп турган адамды айдоочу унаасы менен сүзүп алды

Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде 8-сентябрга караган түнү Көк-Жар конушу тарапка бараткан жеңил унаа жөө адамды сүзүп кетти. Жабыркаган аялга "Тез жардам" кызматы чакырылып, ооруканага жеткирилди.

Окуя боюнча Патрулдук милициянын кызматкерлери жеринде маалымат беришти.

"Айдоочунун унаасы бузулуп, унааны артка жүргүзүп жатканда аялдамадан жол тарапка чыгып, жол тосуп турган М.К. аттуу аялды сүзүп алган. Жыйынтыгында жабыркаган аял белинен жаракат алып, "Тез жардам" чакырылды. Кырсыкка кабылган унаа айып аянтына жеткирилди", - деп билдирди Патрулдук милициянын нөөмөт бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Таалай Абдыбеков.

Жол тосуп турган аялды сүзүп алган айдоочу Нурлан Асанкулов: "Аялдаманын жанынан өтүп бараткан элем. Ошол тушка келгенде унаам бузулуп калды. Алдыга жүрүүчү жолдун деңгээли бийик болгондуктан, унаамды артка жылдырып жүргүзүп алайын деген элем. Аялдамада жол тосуп турган аял 5-6 метр жол тарапка чыгып алган экен, көрбөй калып, кырсык болуп кетти", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sagy
2016-09-09 12:57:57
Аял озу кунолуу. Качан бизде баарына айдоочу кунолуу боло берет? Доо жургунчулорго да эреже керек да.
+1
nuriyaeljan
2016-09-09 13:43:56
Азыр адамдарды уруп же согуп койсон эптеп акча ондурмой. Адамгерчиликти издеш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан