Бишкек шаарында кичи райондордун жолдоруна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Скрябин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин, Туңгуч кичи районунда Анкара көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин асфальт төшөлгөн. Мындан сырткары 8-кичи райондо Токомбаев көчөсүнөн Жукеев көчөсүнө чейин асфальт төшөлүп, иретке келтирилген.
"Кичи райондордогу жолдорду оңдоо менен бирге велосипедчендер үчүн учурда атайын жол курулууда. Бул жолдун узундугу 1,5 чакырым, туурасы 3 метрге ылайыкташтырылган. Мындан сырткары кичи райондордогу 53 кварталдын жолдору оңдолот", - деп билдирди басма сөз кызматы.