Милиция кызматкерлери менен УКМКнын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжал өкмөттө талкууланат

Бишкекте болуп өткөн милиция кызматкерлери менен УКМКнын өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан жаңжал бүгүн, 13-апрелде өкмөттө талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга күч органдарынын бардык жетекчилери катышмакчы. Эскертип кетсек, 12-апрелде борбор шаарда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Свердлов РИИБинин кызматкерлери Эркин Мамбеталиев менен Тилек Сарбашевди пара алды деген шек менен кармашкан. Окуя учурунда милиция кызматкерлери каршылык көрсөтүп, УКМКнын өкүлдөрү кызматтык тапанчадан ок чыгарышкан. Окуя Элебаев-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде саат 19:00 чамасында болуп, анда милиция кызматкерлеринин бири жаракат алган. Ушул эле окуя боюнча Свердлов РИИБинде кызматтык тинтүү учурунда УКМКнын кызматкерлери токмоктолуп, алардын бири ооруканага жеткирилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан