Кара-Кулжа районунда айдоочу 4 мектеп окуучусун сүзүп кетти

Кара-Кулжа районунда айдоочу 4 мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-сентябрда саат 21:30 чамасында Кара-Кочкор айылында орун алган. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол боюнда бараткан 4 мектеп окуучусун, андан соң электр мамысын сүзгөн. Жабыркагандардын баары 2000-жылы туулгандар. Алар аймактык ооруканага жеткирилген, учурда абалдары туруктуу. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
DNurgiza
2016-09-09 11:38:32
кудай сактаптыр....эртерээк сакайып кетишсин....
+4
KaiMak
2016-09-09 11:40:10
ылайым айыгып кетишсинчи аминь!
+3
bars_wire
2016-09-09 12:15:10
Бул торт окуучу 21.30да кочодо эмне кылып журушту экен эле.Сакайып кетишсин ата-энесин кыжаалат кылбай.
+6
jalalabad93
2016-09-10 02:05:48
bars_wire,окуучулар куноолу. Жана ата-энелер
Тун жарымда жоктобойбу балдарын. Шофер виноват эмес
0
anar8672
2016-09-09 12:17:56
Акчасын алып права бергендердин вижданы Бул деген адамдын омурун саткан менен барабар.Деги качан токтотушат.Наристелерге омур тилеймин ылайым айыгып ата энесинин курсанты болушсун .Кагылып эле кетейиндерим шириндер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан