Бишкектеги оргума комплекстери 20-апрелде ишке даяр болот

Учурда борбор шаардагы оргума (фонтан) комплекстерине тиешелүү аянтчалар тазаланып, суу түтүктөрү сырдалууда жана башка иштер кызуу жүргүзүлүп, аяктоо алдында турат. Мындай билдирүүнү шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болбосо, оргумаларды ишке даярдоо жумуштары 20-апрелде аяктайт. Учурда Бишкек шаары боюнча 32 оргума комплекси бар, анын 17си “Бишкексууканал” өндүрүштүк ишканасына тиешелүү. Эске сала кетсек, былтыр Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, оргума комплекстери 27-апрелден 1-ноябрга чейин иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан