СУПЕРСТАН: "Айымдардын сумкасынын ичинде керектүү да, керексиз да нерселер көп"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Селкилердин сумкасына саякат" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Ар бир аял үчүн сумка көтөрүү бүгүнкү күндө кадимки эле көрүнүштөрдүн бири. Ошол биз анча деле маани бербей, ичине керектүү майда-чүйдөлөрдү салып алып көтөрүп жүргөн сумка дагы адамдын мүнөзүнүн кандай экендигин айтып турат экен. Мисалы, испан психологдору аял кандай сумканы тандаса жана аны кандай көтөрүп жүрсө, ага карап туруп айымдардын психологиялык портретин түзсө болорун аныкташкан. Айымдардын эң жакын курбусу - анын сумкасы. Сумканын ичинде керектүү да, керексиз да нерселер көп. Психологдордун айтымында, аялзатынын кыял-жоругун билүү үчүн сумкасын карап койгонуңуз эле жетишерлик. Италиялык психологдор аялдардын сумкасына байланыштуу бир катар кызыктуу фактыларды табышкан. Маселен, коркунуч же толкундоо болгон учурда айымдар сумкасын бекем кысып алышат. Эгерде эркек кишиге сумкасынан бир нерсе алууга уруксат берсе, ал адамга берилип ишенгендигинен кабар берет. Ал эми сумкасынын өңүн, формасын өзгөртсө, демек, жашоосунда өзгөрүү болду деп биле бериңиз. Эмесе, айымдардын сумкасына "охота".

Ачылган темага калтырылган билдирүүлөр:

"Чакан сумка, кичине сумка көтөргөндөрдүн катарына кирем. Сумкамда боёнгуч жок болсо да, дайыма бир нерсе издегенде сыйпалап калам. Сумкасыз деле кете берген күндөрүм болуп калат. "Аял кишинин сумкасында иреттен башка нерсенин баары бар" деген сөздү көп колдоном. Жалтыраган буюмдарга жокмун, сумкада да бриллиант же башка аксессуарлардын болушун каалабайм".

"Мен чоӊ сумка көтөргөндөрдүн катарына кирем. Ойлоп көрсөм, эс тарткандан бери чоӊ сумкаларды гана көтөрөт экенмин. Анан ийиниме асып көтөрөм, сумкасыз эч качан көчөгө чыкпайм".

"Аялдарда эмне көп, бут кийим менен сумка көп. Чындыгында, бут кийимди да өзүнчө аксессуар катары карасак болот".

"Менин чоң дагы, кичинекей да сумкаларым бар. Чоӊ сумканы көп нерсе саларда көтөрөм. Эгер анчалык эч нерсе керек эмес болсо, кичинерээк же андан да кичинекей сумка көтөрөм. Сумкама капчыгым, документим, упа, помада баткандай болуш керек".

Талкууга кошулгуӊуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
take220281
2016-09-11 11:34:11
Аял заты бийиксиңер!!!
+2
dina-85
2016-09-12 00:14:45
take220281,рахмат
0
kubanaid
2016-09-11 12:19:19
оооу
-5
aikokul14
2016-09-11 12:28:57
Куйоом айтмакчы,менден башканын баары бар-дейт,мен айтам -Сиз батканда,сизди деле салып алмакмын,-деп.
+8
take220281
2016-09-11 12:35:05
Бир жолу базарда бир сумка көзүмө жакшы көрүнүп кетип, аялыма сатып алып барып белек кылсам аябай ачууланып мен мындай көтөрбөйм деп кайра барып тапшырып салгынбыз. негизи бир да белегиме аялым ыраазы болгон эмес, ошого азыр акча берем колуна каалаганын алат.
+2
aikokul14
2016-09-11 13:51:27
take220281,аялын сенин конулун ооруйт дебейт экен да,кандай белек болсо дагы,эки бетинен ооп,рахмат деп алыш керек,Кудайына кусур кылат экен.
+7
Aselina_kg
2016-09-11 14:02:04
aikokul14,Таке220281 мырза жубайынын табитин билип подарок кылса,жубайыда суйунуп эле алса керек.

Жеке мен жакпаган сумканы таптакыр которбоймун.Ичинде баардык эле айымдар сыяктуу"без порядок" дайым журот
0
kaidiger
2016-09-11 14:01:34
take220281,туура кыласын акчасын берип мен деле куйоом акча эле беришин каалар элем
0
nazgul90
2016-09-11 12:53:06
Мен да дайыма чоон сумка котором. Ичинде косметика дан башпат влажный салфетка чейин баар. Жагат яркий светте болсо без сумку кочого чыупайм.
-1
Anar_13-07-89.j
2016-09-11 13:12:41
Сумканын ичиндеги нерселер мырзаларга кереги жок болушу мумкун бирок айымдарга ото керек ошон учун салып алабыз
+4
isnur93
2016-09-11 13:53:20
Меники деле баржок баркен ойлоп корсом,комплект журот сумкамда,даже чач утуктогон утугумдуда салып алаткем бир жака барганда,иштетсем иштетпесем.Жолдошум бекер эле жук кылып журо береткенсинда дейт,а мен кыз маалда анча мынча кийим да салып алчу элем,азыр салбаганыма суйунун деп жыртайып коем.
0
Shat.88
2016-09-12 00:13:07
isnur93,жыртайганын жакшы экен
0
ofcourse
2016-09-11 14:49:43
Дүйнолүк эконмиканы гулдоткон аймдар мисалы Франция бүт баары ошол жактан чыгат кийим,сумка,косметика.Кытай эпчил боло калып.....Батырак чыгара калат
0
aibars
2016-09-11 17:39:05
Menin ejemdin sumkasy dal oshondoi bir jolu bir buiumun alyp ber dep aitty ele ichinde iiiiiiii but Baary bar
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан