12-апрелде президент Алмазбек Атамбаев "КРнын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу мурда КРнын жергиликтүү сотунун судьялыгына дайындалган жана Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Анаш Нуржанованын ыйгарым укуктары 2013-жылдын 18-апрелинен баштап токтотулат. Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.