SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер - баарыбыз кыздыгы бар кыздарга үйлөнгүбүз келет, анда кыздыгы жоктордун тагдыры эмне болот?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Кыздыгы бары деле, жогу деле күйөөгө тийип жатышат го. Кандай болсо да бактылуу болушсун".
"Кыздарды антип экиге бөлгөн болбойт. Балким, ошол кыздыгынын жоктугуна эркектер күнөөлүү болуп жүрбөсүн. Кылгылыкты кылып коюп "кыз" издеген анча-мынча ыйманы жок эркектер аман эле болушсун".
"Кыздыгы жок кыздар өздөрү күнөөлүү. Шок, шайтан жолунда жүргөн эркектер кичине жакшы сөз сүйлөп, комплимент айтып, куру убадаларды берип жатса деле эрип кетип, кыздыгын берип жатышат. Ага, албетте, өздөрү күнөөлүү, жеӊил ойлуу болбой, арканды узун ташташ керек. Никесиз бирөө менен жатуу зына экенин билишпейби, бүгүнкү жаштарда абийир, намыс, ыйман барбы, ата-энесинен тарбия көрбөгөндөй сезилет".
"Кээ бирөөлөр оюнда аруу-таза кыз алдым деп жүрүшөт. Кыздыгы жок кыздар жоошторго тийип кетишкени менен, түбөлүктүү жашап кетеби деген суроо туулат. Эртеси "элдин эркектериндей эмессиң" деген ачуусу аралаш сөздөрү менен ажырашып тынышпаса болду".
"Кыздар, эч качан эркектерге ишенбегиле. Мен эркек аттуулардын баарынын ою бузук дегенден алысмын, бирок алардын табияты ушундай. Биз аны түшүнө албайбыз. Келечектеги салынчу ак жоолугуӊарды булгабагыла, төрөлө элек балдарыңардын убалын ойлогула. Бул өтө олуттуу маселе, акыретибиз алыс эмес, ыйманга келели баарыбыз".
Талкууга кошулгуӊуз келсе, бул жакка кириңиз.