"Бишкектеги "Дельфин" бассейнин оңдоого өкмөт 4 миллион сом бөлдү". Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, авариялык абалга байланыштуу бул бассейн 2011-жылы жабылып, оңдоо иштери жүргүзүлө баштаган. Калыбына келтирүү үчүн сарпталуучу каражат 72 миллион сомду түзгөн. Каражаттын тартыштыгынан оңдоо иштери эки баскычка бөлүнгөн. Биринчи баскыч 2011-2012-жылдары жүргүзүлүп, 16 миллион сом сарпталган. Экинчи баскычында пайдубалын жакшыртуу, жарака кеткен дубалдарды бекемдөө сыяктуу иштер жүргүзүлмөкчү.