Бишкектеги Курманжан датка көчөсүндө шаар тургунун сабап кеткен жаран изделүүдө

Бишкектеги Курманжан датка көчөсүндө шаар тургунун сабап кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 18-август күнү саат 08:30 чамасында №294-үйдүн жанында болгон. Анда белгисиз жаран М.Н. аттуу шаар тургунун эч себепсиз сабап, качып кеткен. Натыйжада М.Н. денесинен жаракат алып, ооруканага жатып калган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү изделүүдө. Ал ошол күнү көк түстөгү жынсы шым, кара футболка, ак түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Эгер аны көрүп-билгендер болсо, Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Patriot..kg
2016-09-10 10:34:43
Кебетеси бир тайлык экенго
0
Riokyrgyz
2016-09-10 12:36:30
Ушу ментке берген козёлдордучу.эркек эмес да.эркекче бутуруп алышса болмок
-1
sharolli
2016-09-10 13:22:55
Жондон жон эле чымчыкда учпайт оордунан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан