Ат-Башы районунун акиминин орун басары кызматтан бошотулду
Нарын облусундагы Ат-Башы районунун акиминин орун басары Айнагүл Молдалиева кызматтан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 13-апрелде кол койду. Айта кетсек, Молдалиеванын кызматтан алуу сунушун 12-апрелде өткөн өкмөттүн жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев сунуштап, анын кызматка байланыштуу кемчиликтерин айткан.