Эки ай мурун Чычкан дарыясына унаасы менен түшүп кеткен айдоочунун жансыз денеси табылды

Эки ай мурун Чычкан дарыясына унаасы менен түшүп кеткен айдоочунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн издөө иштерине 5 куткаруучу жана туугандарынан 8 адам тартылган. Анын негизинде 46 жаштагы Б.Бнын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Айта кетсек, 14-июль күнү саат 06:30 чамасында Токтогул районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп, айдоочу агып кеткен. Буга чейин издөө иштерин Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзүп келишкен, бирок натыйжа болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Кайрат
2016-09-10 16:51:32
Балаа эле болду го жалаң эле агып кеткендер жөнүндө маалымат берилип. Деги Кудай сактасынчы бөөдө ажалдан күтүлбөгөн кырсыктан.
+1
tulpar90
2016-09-10 17:13:38
Кур доомат бөөдө кырсыктан кудай сактасын .
+4
Aygir
2016-09-10 19:35:01
2 ай дейби,эч нерсе калбаса керек сөөктөн башка
+2
MES
2016-09-10 21:14:03
Азыр Издейм сани телекорсотуусунон корсотуп издеп жатыштылего
-2
Aynura87
2016-09-11 06:59:54
Allah beyiwine alsin. Suuga chogup olgondor da sheyitterdin katarina kiret. Kuday kimge kachan jana kanday olum bereeri belgisiz. En negizgisi olumgo dayar jurushubuz kerek. Allahtan keldik kayra aga kaytabiz ertebi kechpi. Olumdu oylop juruwubuz kerek ar dayim esten chigarbay.
0
zaika.tvo9.1990
2016-09-11 13:11:26
Эки ай(((
0
loyal
2016-09-11 14:39:39
Туугандарына кайрат айтам коптон бери издеп аябай кыйналышкан болуучу
0
Beksultan-007
2016-09-12 09:14:21
Кырсык кайсы жерде болгон дене кайсы жерден табылган. Ошону жазбайсынарбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан