Бишкекте шайлоодогу талаш иштерди чечүү жолу талкууланды

Кечээ, 13-ноябрда Бишкек шаарындагы “Парк отель” мейманканасында "Шайлоо учурундагы талаш иштерди КРнын соттору аркылуу чечүү" деген аталышта семинар өттү. Бул иш-чара GIZ программасы менен КРнын Жогорку Соту тарабынан уюштурулуп, семинардын тренери КРнын Жогорку Сотунун судьясы Айжамал Ажибраимова болду. Негизги тема - шайлоо маалындагы талаш иштерди чечүүдө шайлоо комиссиялары менен соттордун бирге кызматташуусу, шайлоо мыйзамдарынын нормалары жана башка маселелер болду. Семинарга Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын судьялары Калиева Гүлбара, Арстанбаева Дилара, Кулматова Дилбар, Мельникова Маргарита, Сатыбалдиева Нургүл, Уметалиева Галина, Ажибраимова Айжамал жана соттордун жардамчылары катышышты.          
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан