Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында белгисиз адамдар калтырган баштык жана ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа текшерилүүдө. Мындан улам имарат курчоого алынды. Ал жерде сапёрлор иш жүргүзүп жатышат. УКМКнын басма сөз кызматы азырынча бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Айта кетсек, 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазаны Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип, анан жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жан кечти-террорист каза болуп, дипломатиялык мекемеде иштеген эки кызматкер жабыркаган.