Бүгүн, 13-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жарлыгы менен Кыргызстандагы бир катар райондордун акимдери кызматтарынан бошотулушту. Айта кетсек, аталган акимдерди кызматтан бошотуу сунушу 12-апрелдеги өкмөттүн кеңейтилген жыйынында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тарабынан сунуш кылынган. Кызматтан алынган акимдер төмөндөгүлөр:
Атантай Рыскулов Ала-Бука районунун акими, Замирбек Аскаров Ноокат районунун акими, Таласбай уулу Акматбек Чаткал районунун акими, Сейтек Кулубаев Ак-Талаа районунун акими, Иличбек Максутов Ат-Башы районунун акими.