КҮНСЕРЕП: Оштун мэри Атамбаевди сындагандарды каргады

Бүгүн, 12-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз мамлекетинде бүгүн Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бул ирет Айт намазында коопсуздук күчөтүлгөнү байкалып турду. Бишкекте эски аянтта окулган Айт намазга миңдеген адамдар катышып, тартипке 3 миңдей милиция кызматкери көз салса, чоң мечиттердин бир катарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарандарды дыкат текшерүүдөн кийин гана киргизип жатышты. Сактанууга да негиз бар. Эске салсак, 30-августта эле жан кечти Кытай элчилигинин дарбазасын унаа менен сүзүп кирип, өзүн өзү жардырып жиберген. Бул өлкө тарыхындагы жан кечти ишке ашырган биринчи теракт. УКМКнын маалыматына ылайык, Бишкектеги бул жардырууну Сирияда согушуп жүрүшкөн уйгур террорчул топтору уюштурган. Буга катар коңшу өлкөлөрдөгү акыбал да кооптонууга негиздерди жаратууда. Жакынкы күндөрдө Тажикстандан качып Сирияда согушкерлердин катарына кошулган милициянын полковниги Гүлмурод Халимов “Ислам мамлекети” террорчул тобунда кол башчы болгону маалымдалды. АКШнын бийлиги ал тууралуу маалымат берген адам 3 миллион доллар менен сыйланарын жарыялаган. Ал эми Казакстанда ушул жылдын июнь айында Актөбө облусунда куралданган адамдар баш аламандык чыгарышып, калктын үрөйүн учурушкан. Коңшу Өзбекстандын президенти Ислам Каримов каза тапкандан кийин серепчилер ал жакта радикалдуу диний топтор баш көтөрүшү мүмкүн экенин айтышууда.

“Бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар?” дегендей, диний кырдаал курчуп турган абалда Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев бүгүн Айт намазда куттуктоо сөзүн айтып жатып “президентибиздин жаңылануу саясатын сындагандарды Кудай жазаласын” деди. Шаар башчысынын кол чатыр көтөртүп алган аткаминерлердин катарында сынга кабылганына көп боло элек. Ага чейин интернетке тарап кеткен видео да элдин эсинде, анда мэрдин бир тууган эжеси МАИчилерге “билгениңерди кылып алгыла” деп тоготпой унаасына отуруп кетип калган. Тарых барактарына үңүлсөк, Кокон хандыгынын убагында кимдир бирөөнү калкка жек көрсөтүү максатында жана элдин оюн буруш үчүн жогорудагы көрүнүшкө окшош ыкма колдонулчу. Намаз учурунда "баланча хан тукумуна каршы иш кылып жатат, ал деген саткын, укум-тукуму жакшылык көрбөсүн, эч кимиңер анын артынан ээрчибегиле" деген сыяктуу сөздөр айтылчу. Кыргыздын чиновниктери XXI кылымда деле ал ыкмадан алыс кетпегенин көрсөтүшүүдө...

Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнөн Роза Отунбаевага карата “самозванка” деген сөздү Өмүрбек Текебаев пайдаланып жатат” деп vb.kg сайтына билдиришти. Бирок президент 31-августта сүйлөп жатып: “Добуш берүүчүлөрдүн көпчүлүгү 2010-жылдагы референдумда президентти да шайлап жатышканын билишкен эмес. Бир дагы бюллетенде талапкердин фамилиясын мындай кой, президенттик шайлоо жөнүндө сөз болгон эмес”, - деген. Бул сөздөр коомчулукта "Роза Отунбаева өзүн өзү шайлап алган" деген мааниде кабыл алынды. Андан ары ажо Алмазбек Атамбаев Роза Отунбаеванын шайлануу жолун легитимсиз болгон деп кыйыткан. Буга 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси болуп турган Эмилбек Каптагаев "Роза Отунбаеваны мыйзамсыз десек, анда азыркы президент жана Жогорку Кеңеш дагы мыйзамсыз" деп жооп узатты.

Ал арада дал ушул президент Атамбаевдин өзү мүчө болгон Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менен тирешин тутанткан Баш мыйзамдын айланасындагы маселени чоң талкууга алуу убактысы келип жетти. Көчмөндөр оюндары менен Курман айтты шылтоолоп жайкы каникулун узартып алышкан Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, 13-сентябрда толук кандуу ишке киришет. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн коомдук талкуудан кийинки акыркы варианты да парламентке 13-сентябрдан кийин сунушталарын билдирген эле. Ал эми экс-депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, референдумга каршы болуп жаткан оппозициянын өкүлдөрү элдик курултай өткөрүү боюнча иш жүргүзүп жатат. "Биз эч кандай талкууга барбайбыз. Конституция 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген туруктуулугу анын өзгөрүүсүнө караганда баалуу жана принципиалдуу", - дейт Жээнбеков. Айтор, күркүрөгөн күз саясий айдыңда ысык болгону турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан