Бүгүн, 13-сентябрда Европадагы эң ири Футболдук Лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 1-тур оюндары ойнолот. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип, алгачкы 3 упайды алуу аракетин көрүшмөкчү.
Күндүн башкы беттеши катары ПСЖ-"Арсенал" жана “Манчестер Сити”-“Боруссия М” клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот. Бардык беттештерге Бишкек сааты боюнча 00:45те орун берилет.
“А” тайпасы
ПСЖ (Франция) – Арсенал (Англия)
“Базель” (Швейцария) – “Лудогорец” (Болгария)
“В” тайпасы
“Динамо Киев” (Украина) – “Наполи” (Италия)
“Бенфика” (Португалия) – “Бешикташ” (Түркия)
“С” тайпасы
“Барселона” (Испания) – “Селтик” (Шотландия)
“Манчестер Сити” (Англия) – “Боруссия М” (Германия)
“D” тайпасы
“Бавария” (Германия) – “Ростов” (Орусия)
ПСВ (Голландия) – “Атлетико” (Испания)