14-апрелде Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең, 14-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Абдрахманов, Фрунзе, Тыныстанов көчөлөрүндө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Электр жарыгын өчүрүү тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу болмокчу.