Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 13-апрелде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Айта кетсек, Б.Кенжебаев аталган кызматка 2012-жылдын январь айында дайындалган болчу. Ага чейин аталган агенттиктин директорунун орун басары болуп иштеп келген.