4 кикбоксчубуз Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медалдарды тагынышты (фото)

Түштүк Кореяда өткөн кикбокс боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз спортчулары 4 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу КРнын Кикбокс федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш кикбокстун К-1 түрүнөн өткөрүлгөн. Алтын медалдарды Алексей Федосеев (63,5 килограмм салмакта), Эрик Воинов (67 кг), Руслан Мусаев (81 кг) жана Шахриза Халилова (56 кг) багынтышты. Ал эми күмүш медалдарды Адилет Бекжан уулу (71 кг) менен Олжобай Кудайберди уулу (86 кг) тагынышса, коло медалдарга Келечек Оросбек уулу (75 кг), Таласбек Нуралиев (91 кг) жана Бактыгүл Абдисаламова (52 кг) ээ болушту.

4 кикбоксчубуз Азия чемпиону аталышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KaiMak
2016-09-13 10:31:34
Ай Азаматтар!!! Силердей спортсмендер кобойсо экен Кыргызстанда!!! Айтмакчы Шахриза Азаматсын соз жок !!!
+4
Babi.
2016-09-13 10:46:07
Азаматтар,биз силер менен сыймыктанабыз!Шахриза умничка!
+5
egiz-jigit
2016-09-13 11:03:18
Женишинер кут болсун! классташ мунусун коло болсо кийинкиси алтын болсун
+2
ruslan868600
2016-09-13 11:17:29
кикбоксерлордун арасында Даку журобу?
-1
Pandora
2016-09-13 11:26:06
Бир жагынан болбосо бир жагынан кубанттынар!!! Ийгилик
+1
omu
2016-09-13 11:41:57
Кикбокс боюнча кыздар чемпион болсо, башкача сезим калтырат экен. Соз менен айтылбас. Азаматтар. Алга Кыргызстан!!!
+1
ayva
2016-09-13 12:13:35
Молодцы!!! Ден соолугунар чын, уйунордо тынчтык болсун.
+1
ABDILASHIM98
2016-09-13 13:46:50
Красавчиктер, Респект силерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан