Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети бүгүн, 13-сентябрда Түгөлбай Казаковдун талапкерлигинин маданият, маалымат жана туризм министри кызматына бир добуштан жактырды.
Эскерте кетсек, 27-июлда маданият, маалымат жана туризм министр кызматынан Алтынбек Максүтов бошотулуп, ордуна Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Казаков Түгөлбай Токтогулович 1951-жылы 28-майда Талас районундагы Көпүрө-Базар айылында туулган. Ошол айылдагы Токтогул орто мектебинде, борбордогу №5-мектепте окуган.
1973-жылы - Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн;
1973-1976-жылдары - Ысык-Көл райондук Маданият үйүнүн директору, элдик театрдын режиссёру;
1976-1979-жылдары - Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун кафедра башчысы;
1979-1980-жылдары - Мамлекеттик телерадиодо редактор;
1981-1984-жылдары - Башкы редактор;
1984-1987-жылдары - "Кыргызтелефильм" студиясында сценардык-редакциялык коллегиянын мүчөсү;
1987-1991-жылдары - Театр ишмерлер союзунда көркөм жетекчи;
1991-жылы - Мамлекеттик телерадиодо башкы редактор;
1992-1993-жылдары - Мамлекеттик телерадионун төрагасы;
1993-1996-жылдары - КРнын Маданият министринин 1-орун басары;
1996-2005-жылдары - "Асаба", "Агым" гезиттеринде баяндамачы, башкы редактордун орун басары;
2005-2007-жылдары - "Алас" гезитинде башкы редактор;
2008-жылдан тарта - УТРКда башкы редактор.
Эки китептин автору. 30дан ашуун даректүү фильмдерге, 5 толук метраждуу көркөм фильмге, спектаклдерге музыка жазган. СССР маданиятынын Сомалиде, Швецияда, Финляндияда өткөн күндөрүнүн катышуучусу. Молдовада, Азербайжанда, Иранда, Казакстанда, Тажикстанда жана Кытайда өткөн эл аралык фестиваль-сынактардын лауреаты. Орусиядагы Эл аралык музыкалык коомдун, АКШнын экс-президенти Жеймс Картердин эл аралык комиссиясынын мүчөсү.