Талас облусунун 2 районунун акими кызматтан алынды

Талас облусунун Кара-Буура районунун акими Анарбек Осмоналиев кызматтан алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 13-апрелде кол койду. Айта кетсек, 12-апрелде өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өтүп, анда бир катар акимдерди жана алардын орун басарларын, министрлердин статс-катчыларын кызматтан алуу сунуштары айтылган болчу. Өкмөт башчынын дагы бир жарлыгы менен Манас районунун акими Эдил Күзөбаев да кызматтан бошотулду.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан