Ат-Башы районунда ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
"Милиция кызматкерлери тарабынан аталган райондун Ак-Муз айылынын 35 жаштагы О.Ж. аттуу тургуну жашаган үй текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында үйүнөн мыйзамсыз сакталган ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.