Жалал-Абад облусунда “тургундун унаасын тартып алып, 100 миң сом талап кылган” деп шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, август айынын аяк ченинде Жалал-Абад облусунун тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, криминалдык топтун өкүлдөрү Шевроле Лацетти үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, 100 миң сом талап кылып жатышканын айткан.
“Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган А.Р. жана 1983-жылы туулган Ю.И. кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары каттоодо турушкан. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - дейт окурман.