Ошто “шаар тургунун сабады” деп шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто “шаар тургунун сабады” деп шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош облусунун 51 жаштагы тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Анда ал Ош шаарындагы Курманжан датка көчөсүндө белгисиз адам эч себепсиз ур-тепкиге алып, денесине залал келтиргенин билдирген.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин маалыматында: “Ээн баштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Жыйынтыгында шектүү катары 1988-жылы туулган К.Ж. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары каттоодо турган. Буга чейин тоноо, баңгизат, ээн баштык боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Учурда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан